Өзбекстанга көмүр экспорттоого кайрадан уруксаат берилди

0
302

Кечээ 16-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ага ылайык, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автодорожный” өткөрүү пунктунан  Сүлүктү көмүр кенинде казылып алынган көмүрдү ташып чыгууга уруксат берилсин деп белгиленет.

Ошол эле учурда 2022–2023-жылдардын күз-кыш мезгилинде Баткен шаарынын калкы жана бюджеттик уюмдары үчүн көмүрдүн жетишсиздиги жана баасынын жогорулашы боюнча  Сүлүктү шаарынын мэрине жана Лейлек районунун акимине жеке жоопкерчилик жүктөлөт.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет-деп белгиленет маалыматта.

Белгилей кетсек 24-октябрда, биринчи кезекте ички муктаждыкты камсыздоо жана көмүргө болгон бааны турукташтыруу максатында, экспортко тыюу салуу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому чыккан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here