28-октябрда Баткен шаарында адам укуктары боюнча коомчулуктун сабаттуулугун арттырууга багытталган жыйын өттү. Чек ара аймактарындагы жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана активисттер катышкан бул жыйында жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын ролу талкууланды.
Баткен облустук юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары жарандардын кайрылууларынын тартиби жөнүндө кеңири маалымат берди.
Адистердин айтымында, карапайым элдин маселелеринин жеринде чечүү үчүн тийиштүү кызматкерлердин укуктук сабаттуулугу жогору болуусу зарыл.
Маселен, айыл эли биринчи эле айыл башчы, айыл өкмөт башчыга кайрылат. Алардын туура, так багыттамасы жарандардын маселесин ыкчам чечилүүсүндө зор мааниге ээ.
Ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Аталган борбордун өкүлү акысыз адвокаттардын кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып берди
Жарандардын маселелерин укук коргоо органдарына жеткирбей, сүйлөшүү жолу менен чечүүдө медиаторлордун ролу тууралуу Улуттук медиация борборунун өкүлдөрү маалымат беришти.
Айыл өкмөт кызматкерлери жарандардын укуктук маселелерин чечүүдө мамлекеттик укук коргоо органдары менен катар акысыз адвокаттар, медиаторлор, айыл аксакалдары менен тыгыз иштешип, элдин маселелерин жеринде, ыкчам чечүүнү белгилешти.
Катышуучулар айыл өкмөттөрдүн имаратынын алдына жайгаштырылуучу, жарандардын кайрылуулары үчүн негизги мамлекеттик органдардын даректери тууралуу маалымат тактайчасын түзүүнү макулдашты.
Иш чара АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган АКСЕЛС — Американын эл аралык билим берүү кеңештери уюму аркылуу ишке ашырылып жаткан “Укугуңду бил” долбоорунун алкагында уюштурулду.