Баткен облусунун Лейлек районундагы Алга жана Лайли айылдарында бирден жаңы мектеп курулат. Мектептердин жалпы сметалык баасы 223,5 млн сомду түзөт.
Алга айылында курулуучу мектеп 225 орунга ылайыкталган. Имараттын курулушуна 85 млн 321 миң 869 сом бөлүнгөн. Ал эми Лайли айылындагы мектеп долбоорунда имарат 150 орунга ылайыкталган, бирок долбоорду ишке ашырууга көбүрөөк каражат 138 млн 223 миң 945 сом бөлүнгөн.
Объектилерди куруунун шарттары курулушту жүргүзүүчү компания менен келишим түзүлгөн учурда аныкталып, каражат дароо которулат.