1-ноябрда Баткен шаарынын, Кызыл-Дөң кварталындагы Бакай-Ата участкасында жаңы көпүрө курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык көпүрөнүн сметалык баасы 10 млн 700 миң сомду түзгөн. Көпүрө ӨКМ тарабынан курулду. Анын узундугу 15 метр, кеңдиги 12 метр, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөгү менен кошо курулду.
“Жаз айларында жаан-чачын көп жаагандыктан сел жүрүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам, шаардыктар үчүн жол каттамы түйшүк жаратып келген. Эми келерки жылга дагы шаарда сел өтүүчү сай аркылуу өткөн 2 көпүрөнү куруу планы каралууда», — деп айтылат маалыматта.