Баткенде тажик тараптын кол салуусунан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда. Учурда Баткен жана Лейлек райондорундагы 135 турак үйдүн пайдубалы куюлууда. Ошондой эле 171 үйдүн пайдубалы түптөлүп, 63 үйдүн дубалы тургузулууда. Бул тууралуу бүгүн ӨКМден маалымдашты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрь айындагы кандуу окуядан соң жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, облус аймагында жалпы 661 үй жабыркаганы аныкталган.
Анын ичинен 423 үй жашоого таптакыр жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түздөөгө муктаж.
Ошондой эле 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык объект, бир көпүрө жабыркаган.