«Баткен-Ош-Баткен» унаа жолунда кыргыз жарандарынын башкаруусундагы унаадан мыйзамсыз ташылып келген 4,7 тонна жүзүм аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Аныкталган жүктө эч кандай жүк коштоочу документтери жок болуп, анын Тажикстанда өндүрүлгөнү маалым болду. Товардын орточо баасы 96 700 сомду түзгөн.
Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаалар кармалып, «Кайырма+Дума» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун аймагына жеткирилген.