Баткендин 28 айылына таза суу тартылат

0
410

Баткен облусунун 28 айылына таза суу тартуу долбоору башталды. Ага керектүү каражатты Дүйнөлүк Банк бөлөт. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, долбоорду 2024-2028-жылдар аралыгында бүткөрүү пландалган. Натыйжада 109 миңден ашуун тургун таза суу менен камсыздалат. Таза суу менен Баткен районунун Чек, Жаны-Жер, Кайынды, Кан, Сары-Талаа, Aпкан, Айгүл-Таш, Кара-Булак, Ак-Өтөк, Ак-Турпак, Зар-Таш, Чоң-Гара, Чоң-Талаа айылдары, 

Лейлек районунун Баул, Катраң, Булак-Башы, Сабыров, Айбике, Мурас айылдары, 

Кадамжай районунун Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Токой, Чогорок, Ак-Турпак, Калача, Чоң-Кара, Советское айылдары камсыз болот.

Таза суу долбоору жалпы 48 млн АКШ долларын түзөт. Белгилей кетсек, долбоорго Ысык-Көл облусунан да үч айыл кирген. Каражаттын  50 пайызы үстөгү жок насыя, 50 пайызы гранттык негизде берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here