Мале шаарында өткөн эл аралык таймаштын биринчи айлампасында кыргызстандыктар Мальдивдин командасын, экинчи айлампада непалдыктарды, үчүнчү айлампада Шри-Ланканы жеңди.
Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирди.
Маалматка караганда, Азиянын зоналык чемпионаты Мальдивдин Мале шаарында 18-23-июль күндөрү өттү.
Буга чейин 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында CAVA Улуттар лигасы уюштурулуп, Кыргызстандын улуттук курама командасы экинчи орунду алган.