Самаркандек аймагында ок атышуу токтоду

0
375

“Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жерлигинде ок атышуу токтоду.
2022-жылдын 14-сентябры саат 16.00гө карата Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын Кыргызстандын чек ара кызматынан маалымдайт.
Эрте мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.
Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланаары күтүлүүдө.
Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here