Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзода окуя катталган Баткен районунун Булак- Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты.
Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.