Чуңкурчактагы республикалык иш чарада Баткен облусу 2 номинация боюнча 3-орунду ээледи

0
652

31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө жана тарыхый инсан Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган, Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлгөн маданий-массалык иш чаранын алкагында, Баткен облусунан барган топ,2 номинация боюнча 3-орунду ээледи.

Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.
Баткен облусунан барган чыгармачылык топ «Күлазык» улуттук тамак-аштар сынагында III орунга жетишип, III даражадагы диплом жана 10 миң сом менен сыйланды.

Ал эми «Улуттук бийлер» номинациясы боюнча III орунга жетишип, III даражадагы диплом жана 10 миң сом байге алды.

Ошондой эле «Улуттук салттуу ырлар» багыты боюнча жигердүү катышкандыгы үчүн диплом жана 10 миң сом,

«Элдик көркөм кол өнөрчүлүк» багыты боюнча диплом жана 10 миң сом менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чаранын алкагында 300дөн ашуун боз үй тигилип, этношаарча уюштурулган.

Иш чарада улуттук оюндардын 15 түрү боюнча мелдештер өттү.

Жалпысынан иш-чарага 10 миңдей адам катышканын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here