Камчыбек Ташиевге “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылды

0
606

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго жана мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго да ыйгарылды.

Аталган мамлекеттик сыйлык советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге жана кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке (каза болгондон кийин) да ыйгарылды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here