Орусияда Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди

0
612

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы Орусияда чоң салтанат менен белгиленди. Салтанат үстүбүздөгү жылдын 6 -август күнү, Воронеж облусунун Селявня айылында болуп өттү.

Жыл сайын 6- август күнү баатырды эскерүү аземи Воронеж шаар башкармалыгы менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз Диаспорасы тарабынан өткөрүлүп турат.
Быйылкы жылы баатырдын туулгандыгынын 100 жылдыгы чоң масштабда уюштурулуп, ага Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев, район- шаар жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азимбакиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек
Нарбаев жана Москадагы Кыргызстандын элчилик өкүлдөрү, Москвадагы Кыргыз Диаспора Кеңешинин мүчөлөрү, баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин туугандары катышты.

Салтанат эскерүү мүнөтү жана жоокерлердин залп берүүсү менен башталып,согушта курман болгон ата бабаларыбыздын эстелигине гүл чамбарлар коюлду.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин эскерип туруу, келечек муунду патриоттуулукка тарбиялоодо мааниси зор. Ошондой эле орус-кыргыз элинин тарыхы бир экенин айгинелөө менен ынтымакты, достукту бекемдөө дейт, Воронеж облусунун башчысы Александр Гусев

Атайын иш чарага катышуу үчүн Кыргызстандан келген жетекчилер, Воронеж шаарынын жетекчилигине жана элине, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун ыраазычылык катын жеткирди.

Ал эми Жаныбек Түлөбердиев иш чаранын сыйлуу коногу болду. Ал баатыр Түлөбердиевдин агасынын баласы. Атасы ден соолугуна байланыштуу, инисинин жаткан жайына келе албаганына өмүр бою өксүп өткөнүн айтып,атасынын тилегин орундаткан сапарына ыраазы болду.

Воронеж облусунун жетекчилиги Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине таазим этип, ал үчун жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирүү менен, Кыргызстандан барган делегаттарды “Чолпонбай Түлөбердиев” атындагы орден менен сыйлашты.

Иш чарада Кыргыз Диаспорасы тарабынан боз үйлөр тигилип, улуттук тамак аштар жайылып, ыр бийлер жаңырды.

Соңунда баатырдын арбагына багыштап куран окулуп, маараке улуттук күрөш менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек Чолпонбай Тулөбердиев,1922-жылы Талас облусунун Чымген айылында туулган. Ал УАМ согушта 1942-жылы Орусиянын Селевня кыштагынын жанындагы салгылашта, төшү менен дзотту жаап курман болуп, чабуулга жол ачкан. Анын сөөгү аталган аймакка коюлган. Бул эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.

Нуржамал Таабалдиева.»Салам» медианын Москва шаарындагы атайын кабарчысы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here