Баткендик бүтүрүүчүлөргө жогорку билим алууда жеңилдиктер каралды

0
839

Быйылкы окуу жылында мамлекет тарабынан Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрү үчүн, Баткен мамлекеттик университетинде билим алууга бир нече жеңилдиктер берилди. Ага ылайык жалпы республикалык тестирлөөдөн 100 упай алган бүтүрүүчү, аталган окуу жайда бюджеттик негизде билим алса болот. Ал үчүн окуу жай 160 орун бөлгөн.

БатМУнун тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Жеңишбек Элболдуевдин маалыматында, жеңилдик Баткен мамлекеттик университетине гана берилди. Башка университеттерге берилген эмес. Бүтүрүүчү 100 упай алган болсо, бюжеттик негизде тапшыра алат. Ал эми 95 упай менен келишимдик негизде билим алса болот. Бул БатМУга гана мүнөздүү.

Бул жеңилдиктерди берүудө, чек ара статусун алган айылдардын бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилүүдө.

Окуу жайдан билдиришкендей, «чек ара тилкесинде жашаган жана 62 чек ара статусун алган айылдардан келген абутуриентер өзгөчө тартипте кабыл алынат. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган студенттерге жеңилдиктер каралган».

Эгер, Баткен мамлекеттик Университетинде белгиленген бюджеттик орундар, Баткен облусунун бүтүрүүчүлөрүнөн артса, бул жеңилдиктерден, өлкөнүн башка аймактарындагы бүтүрүүчүлөр да пайдаланса болот. Максат,билим алууга умтулган жаштарды колдоо, аймактын кадр маселесин чечүү дейт окуу жайдын жетекчилиги.
Облустук бийликтин маалыматына таянсак, учурда облустун 43 бүтүрүүчүсү Бишкек шаарында аскердик окуу жайда билим алууда, акыркы эки жылда баткендик жаштардын билим алуусу үчүн, бир катар жогорку окуу жайларда, жеңил шарттар түзүлүүдө. Бул жеңилдиктер Баткендин борбордон алыстыгын, аймактын элинин жашоо шартын эске алуу менен, чек арадагы элди ар тараптуу колдоо максатында каралган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here