Баткендик ишкерлерге 0% жана 3%дан насыя берилүүдө

0
720

Мамлекет тарабынан Баткен облусун өнүктүрүү жана калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо» долбоорунун алкагында, облустун ишкерлери үчүн жеңилдетилген насыялар каралган.

Насыя Баткен облусунун жарандары үчүн гана берилет, ошондой эле насыя катары алынган каражатты облустун аймагында гана пайдалануу кажет.

Жеңилдетилген насыялар “ Айыл банк”, “РСК банк”, “Керемет банк” аркылуу берилүүдө. Өкмөт тарабынан каралган насыянын жалпы суммасы 470млн сомду түзөт.

Насыя 0% жана 3%дан берилет, Тагыраагы үч жылга чейин пайызсыз, 4-5- жыл үчүн үстөк пайызы 3%ды түзөт деп билдирди, Айыл Банктын Баткен филиалынын насыя бөлүмүнүң башчысы Аслан Орозов.

Жеңилдетилген насыя Баткен облусунда, экспорт, импорт үчүн товарларды өндүрүүчүлөргө, мал чарбачылыгы, туризм жана башка бардык тармактарда өндүрүш ишканаларын ачууну каалаган ишкерлердин долбоорлору үчүн берилет.

Адистер жеңилдетилген насыяны алуу эле эмес, аны максаттуу пайдалануу маанилүү дейт.Мындан улам ишкерлер насыяны максатсыз иштеткени аныкталса, насыянын пайызы 18%га жогорулайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here