Самаркандекте жеке менчикке өткөн 32 миллион сомдук жер өкмөткө кайтарылды

0
353

Баткен районунун Самаркандек айылындагы мыйзамсыз жеке менчикке алынган гараждык кооператив мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча 2005-жылы А.Б. инициалындагы тургун ЖЧКнын жетекчиси болуп туруп, жасалма токтом аркылуу 3 чарчы метрлик гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, аталган тургун документтерди бурмалоо фактысын мойнуна алып, 32 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкесин Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here