Баткенде эки жерде тоют өрттөндү

0
468

3-июль күнү саат 10:18де Кызыл-Кыя шаарындагы Ак-Булак айылында турак үйдүн короосуна жыйналган тоют чөп өрттөнүп жаткандыгы маалымдалган.
10:36да өрт чектөөгө алынып, саат 11:08де толугу менен өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун жалпы аянты 900 чарчы метрге чейин жеткен.

Ушул эле күнү саат 11:36да Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Каражыгач айылында, мал сарайдын 2-кабатында да өрт чыккан.
Саат 12:43тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 65 даана шифер, жыгач курулуш материалдары жана 2 тонна тоют чөп чыгым болгон.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда. Өрттөн жабыркаган жарандар жок деп айтылат өзгочө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here