2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 57 окуучу эң жогорку упайга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бул ирет эң жогорку упай — 235 болду. Аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев алды.
Министрликтин маалыматына таянсак, “Алтын сертификатка” ээ болгон 57 бүтүрүүчүнүн үчөөсү Баткен облусунан.
Алар- Баткен облустук гимназиясынын бүтүрүүчүсү
Элиза Зайнидин кызы 223 упай алган.
Ошондой эле Раззаков атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Бекболсун Раимбердиев 224 упай алган.
Ал эми Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин бүтүрүүчүсү Абай Таавалдиев 221 упай алган.