Зомбулукка кабылган үч жашар бала аныкталды

0
671

Ош облустук милициясынын маалымат кызматы, Ош облусунун Алай районунда үч жаштагы балага карата зомбулук фактысы катталганын билдирди.

27-июнда саат 09:00дөр чамасында милицияга жашы жете элек бала денесинен жараат алып, ооруканага келип түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну 33 жаштагы аялы менен Сары-Могол айылына көчүп келип ар кимдин үйүндө убактылуу жашап жүргөн. Алар, аялдын бир тууган сиңдисинин, үч жаштагы баласын карап жүрүшкөн. Маалым болгондой баланын апасы 22 жаштагы келин, баланы жай мезгилине чейин карап туруу үчүн таштап кетип, бүгүнкү күнгө чейин эч байланышкан эмес.

Баланы учурда карап жүргөн эжеси 33 жаштагы аял, балага карата зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алган. Жолдошу экөө аны ооруканага көрсөтпөстөн, үйүндө алып жүрүшкөн. Аны кошуналары байкап калып, Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерлерине телефон аркылуу билдиришкен.

Соцкызматкерлер айтылган дарекке барганда үч жашар баланын денесинде ар кандай жаракаттарды: колу-буту көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Бөбөктү Сары-Могол айылдык ооруканасына алып барып, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.

Учурда баланын ата-энесин жана анын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Балага тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынды деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here