Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Баткен облусуна жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Иш сапардын алкагында Президент Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салды.
Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылат. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот
Долбоордун болжолдуу баасы — 603, 5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүндү, мындан сырткары, 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздоо милдети турат.
Өлкө башчысы өз сөзүндө «Кыргызстандын бардык жеринде мындай комплекстерди куруу зарыл болуп турат. Кудай буюрса ар бир облусубуздун борборунда ушундай студенттик шаарчалар курулат. Облустарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртуу менен катар эле калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз кажет, деп белгиледи.
Капсула салгандан кийин Садыр Жапаров чогулган жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты, алар аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди көтөрүштү деп айтылат, маалыматта.