Жайдын аптабында эске алчу жагдайлар: Дарыгердин кеңеши

0
642

Адатта жай айлары аптаптуу келип, күндүн табы 40 градуска жеткен учурлар көп эле болоору баарыбызга маалым. Күндүн өтө ысышы өнөкөт оорусу бар адамдарга, улгайган адамдар жана кош бойлуу аялдарга, жаш балдарга өзгөчө кооптуу дейт адистер.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда абанын өтө ысышынан улам, эс учун жоготуп, ооруканага түшкөн жарандар болуп жатканын, саламаттыкты сактоо мекемелеринен кабарлады. Мындан улам биз, “күндүн өтө ысышы адамдын ден-соолугуна кандай таасир берет? андан кантип сактануу керек? деген суроолор менен, дарыгер невролог, Гулира Файзуллаеваны сөзгө тарттык.

-Гулира айым саламатсызбы, учурда абанын температурасы ысып жаткан кези, мунун жарандардын ден соолугуна таасири тууралуу айтып берсеңиз.

-Саламатсызбы. Чынында аба ырайы өтө ысыган мезгилде, күндүн ачуу тийген нурунун таасири аябай чоң, тагыраагы кооптуу десем болот. Ысык көбүрөөк өтүп кетсе адам эсин жоготушу мүмкүн.Ошол учурда сөзсүз дарыгерлерге же тез жардамга кайрылыш керек. Организмдин, дененин өтө ыссык абалынан оорулар пайда болот. Эң коркунучтуусу, күндүн ачуу тийген нурунан, мээнин кан айлануусу күчөп, тамырлар кеңейип, мээнин шишигине алып келиши да мүмкүн. Ал эле эмес, ички органдарынын да шишигине алып келиши ыктымал.

-Абанын ысышы кайсыл оорулар үчүн, кимдер үчүн өзгөчө кооптуу?

-Негизинен бардык адамдар күндүн ачуу нурунан алсырай түшөт эмеспи. Айрыкча улгайган адамдар, 5 жашка чейинки жаш балдарды абайлашыбыз керек. Себеби жаш балдардын денесинде терморегуляция температураны бирдей абалда сактоочу системасы жакшы өрчүй элек болот,ошондуктан алар күндүн нурунан жабыркашы мүмкүн,ал эми кары картаңдарда ошондой эле системанын иштеши начарлай баштайт, ошондуктан алар да жабыркайт. Кош бойлуу аялдар, өнөкөт оорусу бар жарандар, кан тамыр оруулары менен жабыркаган адамдар, күндүн нурунан этиятташ керек,күн чайыттай ысыган учурда сыртка чыкпай, үйдө олтурган жакшы.

Ысык өткөндүн негизги белгилери кайсылар?

-Адамдын денеси кызарып кетиши мүмкүн,андан кийин адам кубара баштайт
-баш айлануу,өзүн жаман сезип,көңүлү айланат
-дене табы көтөрүлөт,кусушу мүмкүн
Мындай учурда эгерде үй шартында болсо, биз ал адамды көлөкөгө алып киришибиз керек, анан жаткырып баш тарабын кичине бийигирээк коюп, бөлмөнүн темтеретурасындагы сууну ичирип, пешенесине кездемелерди суулап алып басыш керек.Өзүнөн танып баратса, суу чачыш керек.Мүмкүн болушунча медициналык жардам алууга шашуу зарыл.

-Ысыктан кантип сактануу керек?

-Негизинен күндүн нуруна эрте мененки саат 10:00,11:00гө чейин чыкса жакшы, ал эми түштөн кийин 17:00дөн соң чыкса болот. Ага чейинки аралыкта салкын жерде болгонубуз дурус. Сырткы кийимибизге да маани беришибиз керек, жеңил, ачык түстө болуш керек, кара түстөгү кийимдер күн нурун тартып алып, адамды кыйнап коет. Синтетикалык кездемелерден тигилген кийимдер болбойт. Башына баш кийим кийип,көз айнек тагуу абзел. Эрте менен карама-каршы температурадагы сууга чайканыш керек,организмдин ысыкка туруктуулугун кармап берет,чайканууну бир күндө бир нече жолу кайталаса болот. Ошондой эле тер аркылуу денедеги сууну чыгарып жатпайбызбы,ошондуктан сууну көбүрөөк ичүү зарыл. Сөзсүз күнүнө эки жарым, үч литрге жакын, суу ичүү керек.Түшкү тамакты азыраак жеш керек, мүмкүн болсо кечинде, саат 18:00гө чейин керектүү тамактарды жей берсе болот. Ошондой эле мөмө-жемишти көбүрөөк жеш керек. Себеби организм жылуу тамакты сиңире албай кыйналып калат. Спирт ичимдиктерин, кофени ичпей туруу зарыл. Алар түздөн-түз ысык өтүүгө жол ачып берет. Анын ордуна муздак суу ичсек, өзүбүздү күн өткөндөн сактайбыз. Күн чайыттай тийип турган жерде сууга түшүү да сунушталбайт. Эрте менен жана кечки салкында түшүү жакшы болот.

-Учурда көпчүлугүбүз кондиционер менен жан сактап жатабыз, бирок аны да туура пайдалануу керек да?

-Албетте, кондинционерлердин зыяндуу жактары да бар. Аны бөлмөнүн аянтына карап, муздак абаны, ага ыңгайлаштырып коюу маанилүү. Өзгөчө кондиционердин түбүндө уктап калып, же көбүрөөк ошол жерде жатып калса, суук тийип калат. Өпкө шамалдап, пневмание болуусу мүмкүн.

-Кеңештериңиз үчүн чоң рахмат.

-Баарыңыздарга ден соолук каалайм.

 

Маектешкен, Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here