Жаш балдарды уруштуруп жаткан видеодогу адам табылды

0
938

Баткен облустук милициясы 2022-жылдын 28-июнь күнү Фейсбукта жарыяланган, аял киши жаш балдарды уруштуруп жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, 38 жаштагы аял, 15 жана 8 жаштагы балдары менен, Кадамжай районунун Кожо айылындагы атасынын үйүнө төркүнүнө коноктоп келишкен. Ошол эле үйдө анын турмуштан ажырашкан, бир тууган 31жаштагы сиңдиси, 9 жашар жана 8 жашар кыздары менен жашап жүргөн.

Жогорудагы аталган үйдө 2022-жылдын 10-июнь күнү болжол менен саат 17.30дар чамасында 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээрим экөө урушуп жаткан видео тартылып алынган. Видеодо байкалып тургандай 31 жаштагы келин өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип жаш балдарды уруштуруп жаткан 31 жаштагы эжесин уруп салгандыгы байкалган.

Бул окуя боюнча 28-июнь күнү, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы аял, өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here