Буга чейин Баткен райондук администрациясы, Бириккен улуттар уюмунун дүйнөлүк азык түлүк программасы менен 4 тараптуу келишимге кол койгон.
Анда Баткен районунун Кара- Бак айыл аймагына «Алыш-Дан Органик» айыл чарба кооперативи өрүктүн данегинен май чыгаруучу цех ачаары маалым болгон.
Келишимдин негизинде Япон өлкөсү каржылап, бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы цехке керектүү болгон шаймандар менен камсыздаган.
Ошондой эле турмуш шарты оор болгон 300 гө жакын жаранды өрүктү кургатуу, кайра иштетүү жана башка ушул сыяктуу окуудан өткөрүшүп, алардын ар бирин бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы акчалай камсыздап берген.
Андан сырткары органикалык айыл чарба департаменти 500 фермерди органикага окуткан.
Окууга Баткен районунун 7 айылынан 500 фермер тандалып алынып, аларды атайын адистер окуудан өткөрүшкөн.
Алдыда «Алыш-Дан Органик» айыл чарба кооперативи өрүктүн майын чыгарып, талап боюнча Японияга экспорт кылмакчы.
Бул багытта инвесторлор менен район акими Учкунбек Жоробаев жолугушту.
Белгилей кетсек, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев «Алыш-Дан Органик» айыл чарба кооперативинин, логистикалык борборунун курулуш иштерине райондун өнүктүрүү фондунан каражат карап берүү тапшырмасын берген деп айтылат,Баткен районунун басма сз кызматы берген маалыматта.