Баткен районунда буудай орум башталды

0
635

Баткен районунун аймагында, 2022-жылдын түшүмү үчүн эгилген  кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери башталды.Бул тууралуу  райондун басма сөз кызматы маалымдады.

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң- Кара айылында башталган оруп жыйноо иштери менен катар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу, азык түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча райондук штабдын кезектеги көчмө отуруму да өттү.

Көчмө отурумга Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев,  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын,  райондук суу чарба, статистика бөлүмүнүн, район аймагында бардык айыл өкмөттөрүнүн башчылары, дыйкандар катышты.

Район акими Учкунбек Жоробаев бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларына себилген кылкандуу дан эгиндерин коромжусуз өз убагында оруп жыйноону жана  келерки жылга кылкандуу дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүүнү тапшырды.

Баткен районунун аймагында  жалпысынан  3172 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген.

Анын ичинен буудай 1732га, арпа 1440га.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here