Баткен облусунун тургундарына 4 % менен 25 жылга чейин, ипотекалык насыя берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында турак жайларды курууну каржылоого 200 млн сом бөлүнөт.
Курулуш үчүн төрт жер аныкталган:Алар,
Аксай айыл өкмөтүндөгү Бакай жана Керме Тоо участкаларында;
Кулунду айыл өкмөтүндөгү Раззаков жана Кулунду айылдарында.
Белгилей кетсек, буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов жана Мамлекеттик Ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова Баткен облусуна иш сапары менен келип, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугушкан.
Андан соң, жетекчилер Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Бакай жана Керме-Тоо участкаларына Мамлекеттик Ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп берилүүчү үйлөрдүн жана Ак-Татыр, Самаркандек айылдарына куруу үчүн сунушталган ооруканалардын жер тилкелери менен жеринен таанышкан.
Ошондой эле аталган чек аралаш айылдардын эли менен да жолугуп, Мамлекеттик Ипотекалык компаниясы тарабынан жеңилдетилген шартта берилүүчү ипотека тууралуу маалымат берилген.