1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Бишкекте “Наристе” II эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтүүдө.
Фестивалга президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты.
Бишкек мэриясы фестивалга 4 миңден ашуун бала катышып жатканын айтты.
Фестивалга Кыргызстандын аймактарынан жана Казакстан, Монголия, Россия, Алтай, Тувадан келген жаш таланттар катышууда. Балдар борбор калаанын көчөлөрүндө салтанаттуу жүрүш жасашты.