Кумтөрдөн күйүүчү май уурдап саткан жаран аныкталды

0
423

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей,милиция кызматкерлери  29-май күнү, түнү Жети-Өгүз районунун «Сары-Мойнок» тилкесинде Ауди унаасын токтотуп, текшерген. Унаадан канистрлерге куюлган 300 литр солярка табылган.

“Милиция кызматкерлерине буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан, айрым кызматкерлери ишканадан күйүүчү май уурдап, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Териштирүү иштеринин натыйжасында күйүүчү майды саткан жарандын өздүгү аныкталган. Ал аталган ишкананын кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда, тергөө амалдары уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here