Баткендеги көчмө жыйын: Билим сапаты,кадрлардын кесиптик деңгээли талкууланды

0
275

24-майда Баткен шаарында өткөн  көчмө жыйынга КР Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшаналиев жана КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү кызматкерлери да катышып, аймактагы билим берүү тармагындагы абал талкууланып, көйгөйлөр тизмектелип, аны чечүү жолдору каралды.

Негизги маселелер болуп,  билим берүүнүн сапатын жана  кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүү, БатМУнун Сүлүктү педагогикалык колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигине бюджеттик орундарды көбөйтүү, билим берүү мекемелеринин   оңдоп-түзөө үчүн, эл аралык донорлор менен да иш алып баруу, мектеп окуучуларынын жол коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгы талкууланды.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунда медициналык багытта жогорку билим берген окуу жай ачуу сунушун киргизди, ошондой эле Баткен Мамлекеттик Университетине бюджеттик орундарды көбөйтүү маселеси да каралды.

Министрлик тарабынан, бул багытта болгон мүкүнчүлүктөр каралаары белгиленди.

Жыйында министр Бейшеналиев окуучуларда патриоттуулукту күчөтүү максатында, мындан ары мектептерде Кыргызстандын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү турдө ырдоону демилгеледи.

Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

Соңунда Баткен облусундагы 6 мектепке компьютерлер  тапшырылып, үлгүлүү эмгектери үчүн бир катар мугалимдер билим жана илим министрлигинин сыйлыктары менен сыйланышты.

Айжамал Абдикаарова

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here