АКШда мектептеги куралдуу кол салуудан 21жаран каза болду

0
776

Америка Кошмо Штатынын Техас штатынын Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда 21 жаран каза болгону кабарланды. Алардын 18и окуучу, бир мугалим жана эки жарандын ким экени айтыла элек . Дагы 15 тургун жараат алганы айтылууда.

Бул тууралуу АКШнын ак үйүнүн басма сөз кызматына шилтеме менен бир канча эл аралык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ок чыгарды деген 18 жаштагы Рамос Сальвадор аттуу жергиликтүү тургунду полиция атып өлтүрдү. Атышуу маалында эки полиция кызматкери жеңил жараат алды.

Кылмышка шектүү мектепке барганга чейин өзүнүн чоң апасын да атып өлтүргөнү айтылууда. Шектүүнүн мындай кадамга барганынын себеби азырынча белгисиз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here