Баткендин «Мадыген» геопаркы ЮНЕСКОго кирет

0
1305

2021-жылы Баткенде элдик маданиятты дүйнөгө таанытуу, Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Мадыген геопаркы түзүлгөн.  Адистер геопаркта дүйнөгө белгилүү болгон 500млндон ашуун геологиялык, табигый, жаратылыш мурастары бар экенин айтышат.Бул багытта  27-апрелде Баткен шаарында  форум болуп өттү.

Учурда  Мадыген геопаркын юнеского киргизүүнүн талаптарын үстундө иш жүрүүдө дейт  Туризм департаментинин мүдүрүнүн орун басары Кыял Кенжеметова.

“Биринчиден туризм менен алектенем деген жергиликтүү ишкерлерди окутушубуз керек.Мадыген геопаркын аймагын,чек арасын аныктап чыктык, дирекцияны түздүк, мына азыр форум өткөрүп жатабыз бул да болсо ЮНЕСКОго киргизүү крителийлеринин бири” дейт ал.

 

Иш чаранын негизги максаты, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий, табигый жана геологиялык мурастарды сактоо. Ошондой эле  ЮНЕСКОнун потенциалдуу геопаркынын алкагында туристтик объектилерди өнүктүрүү болуп саналат дейт уюштуруучулар.

Форумга келген ЮНЕСКОнун Алматыдадагы бюросунун табигый илимдер бөлүмүнүн башчысы.Кристинэ Товмасян “алдыда  геопарк ЮНЕСКОнун геопарк статусун алып, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кире алат деп чындап үмүттөнөбүз. Биз бул жерде жергиликтүү тургундарды өнүктүрүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсү,бул  геопарктын ишин  илгерилетүү боюнча иштеп жаткан бардык кызыкдар тараптарды  колдоо үчүн келдик” деп белгиледи.

Геопарк Баткен району менен Лейлек районундагы аймактарды өзүнө камтыйт. Анын түзүлүүсү жана Юнеского кирүүсү аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ дейт, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев.

Ал “биринчиден эл үчүн чоң потенциал, жумуш орду пайда болот. уристер келет.ЮНЕСКОго киргизген геопаркыбызга бир канча эл аралык уюмдардан акча түшөт.Ошентип биз Баткен облусундагы туризмди өнүктүрө алабыз”,деп кошумчалады.

Форум КРнын Президентинни Баткен облусундагы өкулчулугү, Туризм департаментинин, Эл аралык өнөктөштөрү жана Юнесконун колдоосу менен өттү.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here