Чек арадагы кыргыз-тажик элдери ооз ачарга чогулушту

0
897

Лейлек районунун жана Тажикстандын Гафуров районунун чек ара айылдарынын жашоочулары биргеликте ооз ачарга чогулушту. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптын элдери демилгелеген ооз ачарга Лейлек жана Гафуров райондорунун акимдери менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан 100гө жакын адам келди.

«Ушундай эле иш-чара Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын катышуусунда өттү.

Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш-чарада коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары Орозо айында Жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here