Баткен районунун Төрт- Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылындагы Кош-Моло жана Шамал-Өтөк жерликтеринде дың жаткан жерлерди өздөштүрүү боюнча долбоорлоо жумуштары башталды.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев аталган жерден кабар алды.
Долбоордо Ак-Турпак айылынан агып өткөн Кожешкен дарыясына насостук бекет, суу сактоочу кампалар курулат.
Андан сырткары тамчылатып сугаруу жолу менен 5 миң га жер өздөштүрүлүшү мерчемделип, анын үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.Ал жерге өрүк, шабдалы, жүзүм, бадам жана башка бак дарактарды өстүрүү пландалган.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан колдоого алынып, каржы маселелери чечилүүдө. Алдыда мындай долбоорлор Баткен районунун Кара- Бак, Кара- Булак айыл өкмөттөрүнүн аймагында да ишке ашырылат деп айтылат Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы