Милиция жарамазан айткан балдардын коопсуздугу үчүн рейдде жүрөт

0
518

Орозо айында жаш өспүрүмдөр жарамазанды автоунаа өтүүчү жол четиндеги ашкана-кафелерге, эл көп жыйылуучу соода борборлоруна айтышкандыктан, алардын коопсуздугун сактоо максатында, Кызыл-Кыя шаардык милициясы,атайын рейддерди уюштурууда.

Ооз ачылгандан кийинки убакта, жаш өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн, аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары таравих намазыдан кийин, түн ичинде көчөдө жүрүүгө, укук бузууларга жол бербөө максатында, милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравих намазына келген жаш өспүрүмдөр менен жолугууда.

Рейддин жүрүшүндө, түнү ата-энесинин көзөмөлүнөн чыгып, өз алдынча жүргөн 5 өспүрүм кармалып, “ата-энелик милдеттерден качуу” беренесинин  негизинде  протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here