Баткен-Кара-Бак авто жолун асфальттоо иштери башталды

0
365

Баткен  районунун Кара-Бак айылын Баткен шаfры менен байланыштырган  жолдун куруу иштери башталды. Аталган жолдон  Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев кабар алды.

Курулуп жаткан Баткен-Кара-Бак автожолунун  6 чакырымына чейинки  аралыгын  асфальттоо, бетон катмарын төшөө боюнча жумуштары  кызуу жүрүүдө.

№2- жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Авазбек Мамаюнус уулунун берген маалыматы боюнча,  аталган автожолду куруу иштерине  мамлекеттик бюджеттен  30 млн сом акча каражаты  каралган.

Мындан сырткары Баткен-Кара-Токой автожолунда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп жатат деп айтылат, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here