Баткенде көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды

0
611

Баткенде Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү улуттук оюунунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Баткен облустук жаштар иштери жана спорт комитетинин башчысы Кубаныч Сайкаловдун маалыматына таянсак, көк бөрү оюунунун жеңүүчүсү болуп,  Ош облусунун Өзгөн районунун командасы табылып, 150миң сом байгеге ээ болду.

2-орунду Жалал Абад облусунун Сузак районунун командасы багындырып, 100 миң сом байге алышты.

3-орунду Баткен облусунун “Жаш күч” командасы ээледи. Алар 70миң сом байгеге татыктуу болушту.

Ал эми 4-орунду ээлеген Ош шаарынын командасына  50миң сом тапшырылды.

Ошондой эле бир катар мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар,  номинациялар боюнча акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Белгилей кетсек оюндун жалпы байге фонду 500миң сом экени айтылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here