Баткен шаарында 5 гектар жер аянтка Орусиянын “Дорья” буудайынын үрөнү себилди

0
899

Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагындагы «Кызыл-Дан» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин айдоо жерине буудай үрөнү себилди.

Иш-чара, КРнын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, үрөнчүлүк жана фермердик чарбалардын өкүлдөрү менен кошо аксакалдардын катышуусунда өткөрүлдү.

20-мартта 10 га жер аянтынын 5 га жер аянтына Орусия өлкөсүнөн алынып келинген жаздык буудайдын “Дорья” сорту себилди.  Ал эми калган 5 га жерге жаздык арпанын “Ратник” жана “Вакула” сорту себилди.

Буга чейин “Кызыл-Дан” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи 2022-жылдын түшүмү үчүн 20,0 га аянтка күздүк буудай эккен.

Министр Аскарбек Жаныбеков өз сөзүндө, «биз элибизди азык-түлүк менен жеткиликтүү камсыз кылышыбыз керек. Бул биздин негизги максатыбыз. Ошондой эле Кыргызстанда тамак-аштын физикалык көлөмү жеткиликтүү. Тынчсызданууга негиз жок. Тамак-аштын көлөмү материалдык резервдер кампаларында дагы жетиштүү өлчөмдө сакталуу бойдон турат деп белгиледи.

Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Кыргызстанга минералдык жер семирткичтер келе баштайт. Ал үчүн республикалык бюджеттен минералдык жер семирткичтерди алып келүүгө 1 млрд сом жана өлкөбүздүн ирригация тармагын жакшыртуу максатында техникаларды сатып алууга 1 млрд сом бөлүнгөн»- деп кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here