Лейлекте тоок этин алып өтүүгө аракет кылган 26 жаштагы жаран кармалды

0
1575

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июнь жана 4-июнь аралыгында Лейлек районунун Достук айылында 2 миң 800 кг тоок этин аткезчилик жолу менен алып бара жаткан 26 жаштагы кыргыз жараны аныкталган. Жарандын жүккө тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес.

Ошондой эле, 40 тонналык мунай ташуучу автоматтык унаа, 13 тонна суюлтулган газ менен эч кандай документтери жок ” Volvo FH” маркасындагы унааны башкарып бара жаткан 52 жаштагы кыргыз жараны кармалган.

Аталган фактылар маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here