Кадамжайда 160 миңдик товарды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

0
1302

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Кадамжай районундагы «Кайтпас» контролдоо-өткөрүү пунктунда өзбек жаранынын башкаруусундагы «Chevrolet Cobalt» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн, жалпы салмагы 238 кг түзгөн кийимдер аныкталган. Эч кандай жүк коштоочу документтери болгон эмес. 

Кармалган товардын орточо базар баасы 163 миң 410 сомду түзгөн.

Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди- деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here