Баткенде атайын долбоордун алкагында 14 ишкер аялга колдоо көрсөтүлдү

0
389

«Баткен облусундагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» программасынын алкагында техникалык колдоого мүмкүнчүлүк алган 14 айым ишкерге сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Аталган долбоор Бизнес Ассоциация JIAнын демилгеси менен жана Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) Баткен облусундагы кеңсесинин ишмердүүлүгү астында ишке ашууда.

Ушул тапта ишкерлерге жабдыктарын жеткирүү жана орнотуу иштери жүрүп жатат. Техникалык колдоо алган айымдарга 1 жыл аралыгында мониторинг иштери жүргүзүлөт жана жыйынтыгында ийгиликтүү иш алып барган ишкерлерге жабдыктар өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, буга чейин Баткен облусундагы ишкер айымдарды каржылык эмес (техникалык) колдоо” программасынын 1-этабында 24 ишкер айымга көрсөтүлгөн техникалык колдоо ийгиликтүү жыйынтыкталган.

Ал эми айымдар Баткен облусунун ар кайсы региондорунда билим берүү, соода, өндүрүш жана текстиль багытында ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here