Айсулуу Тыныбекова Баткенде

0
823

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин чакыруусу менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна келди.

Облус жетекчисинин дүйнө чемпионун өлкө борборунан миң чакырым алыс аралыктагы аймагыбызга чакыргандагы максаты- Баткен облусунун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүү жана спортту сүйгөн жаштарга дем күч берүү болуп саналат.

Аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында алгач, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен бүгүн, 11-декабрда жолугушту.

Жолугушууда облус башчысы, Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле Ыйгарым укуктуу өкүл Айсулуу Тыныбекова  даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына,  жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арналаарын айтты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here