Аккумлятор уурдады деген шектүүлөр кармалды

0
707

Аккумлятор уурдады деген шектүүлөр кармалды.

Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы А.Б. аттуу тургуну милицияга үйүнүн жанында токтотуп койгон КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаасынан белгисиз бирөө 32000 (отуз эки миң) сом болгон аккумляторун чечип кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталды. Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп Кызыл-Кыя шаар аймагынан Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын 15жаштагы М.Н. жана Чаувай айылынын 15жаштагы А.Н. аттуу тургундары аныкталып кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кармалган жарандар жеңил акча табуу максатында Портер үлгүсүндөгү унаалардын аккумляторун уурдап, сатып жүргөндүгү белгилүү болду.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here