«Муктаждар комплекси» ээлерине тапшырылды

0
528

Мындан бир жарым жыл мурда баткендик жаш активист,»Берешен кол» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси  Бекболот Нажимидиновдун демилгеси менен «Муктаждар комплексинин» курулушу башталган болчу. Жалпы коомчулук ар тараптуу колдоо көрсөтүп,курулуш аяктады.

Натыйжада Баткен шаарында турак жайга муктаж болгон төрт үй бүлө, үйлүү болду. Үч  багуучусу жок үй бүлөгө (жесир аял) жана 26 жылдан бери көчөдө жашап келген Шайырбек Байматовго  үйдүн ачкычтары салтанаттуу тапшырылды. Турак үйлөрдү тапшыруу аземине, колдоо көрсөткөн инсандар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Бекболот Нажимидинов «Муктаждар комплексин бүтүрүү үчүн канчалаган эмгек, убакыт, мээнет, күч кубат сарпталды. Бүгүн  минтип үзүрүн көрүп муктаждардын көзүндөгү бакытты көрүп, баардык кыйынчылыктарыбыз эсибизден чыгып кетти. Муктаждар комплексине салым кошкон инсандардын баарына ыраазычылык билдиребиз» деп жазды өзүнүн фейсбук баракчасына.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here