Жапония Баткенге медициналык жабдууларды тапшырды

0
380

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  менен Жапониянын Кыргызстандагы  атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Шигеки  жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-жапон кызматташтыгынын алкагында  Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү  маселелери талкууланды.

Ал эми жолугушуудан соң элчи тарабынан, Баткен шаардык жана райондук санэпид көзөмөлдөө борборунун техникалык потенциалын жогорулатуу максатында лабораториялык жабдыктар тапшырылды.

Берилген жабдуулар мекеменин шартын жакшыртып, жогорку сапаттагы текшерүү жана талдоо кызматтарын көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here