Баткен жана Согди облус башчылары чек арадагы соңку кырдаалды талкуулашууда

0
380

2021-жылдын 3-декабрь күнү Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы соңку учурда орун алган окуяларды талкуулашууда.

Сүйлөшүүлөр Лейлек районунун “Кулунду” чек ара постунда саат 11:00дө башталган. Ага эки тараптын тиешелүү жетекчилери  жана облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу, болтурбоо, чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору  талкуланууда деп айтылат КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here