Баткенге халал индустрия паркын түзүү үчүн Малайзиядан эксперттер келди

0
454

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Тулаев жана өкүлдүн орун басары Ж.Исаков, КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен Малайзия өлкөсүнөн келген эксперттерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Малайзиянын эт халал паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоору туурасында айтылып, Баткен облусунда Халал эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.Ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында иш алып баруу боюнча да сөз болду.

Негизги максаты: Аймакта халал индустрия паркын түзүү, тактап айтканда мал чарбачылыгын өстүрүү менен мал жандыктарынын продукцияларын реализациялоо болуп саналат.

Белгилей кетсек 2019-жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууларга кол коюлган. Макулдашуунун алкагында Малайзиялык өкүлдөр аймакта халал эт паркын  түзүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча иш аракеттердин биринчи аракетин көрүшүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here