Баткендин Лейлек районунда мал уурдап 26 жаштагы жаран кармалды

0
850

Баткендин Лейлек районунда мал уурдоого шектелип, Катраң айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Катраң айылынын эки тургуну малын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан Катраң айылынын 26 жаштагы тургуну  уурдалган кочкорлорду мал базарда сатып жаткан жеринен кармалды.

Ошондой эле, кылмышка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here