Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо

0
886

Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана криминалдык милиция кызматкерлеринин алдын ала түшкөн ыкчам маалыматында Өзбек Республикасынын “П”. аттуу жараны Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик жолу менен мыйзамсыз прекурсор химиялык заттарын өткөрүп жүргөндүгү маалымдалат.
Өзбек Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына прекурсор заттарын аткезчилик жолу менен өткөрүп жүргөн кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүно бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Кадамжай РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө, Пульгон айылынын Шар-Шара участкасында “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаадан 28даана 20литрлик желим идиште өзгөчө жыты бар, химиялык затка окшогон суюктукту Кадамжай районунун Халмион айылынын 40жаштагы К.Б. жана 29жаштагы И.И. аттуу жарандар Ош шаарына алып бара жаткан жеринен кармалган.


Кадамжай РИИБнин ЭММКАК жана криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбек Республикасынын 42 жаштагы М.П. аттуу тургуну менен Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Алынган суюктукка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда 682 кг прекурсор заты болуп аныкталды.
Азыркы күндө тергөө иштери бүтүп, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here