Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ Баткен облусуна иш сапары менен келди

0
612

Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ менен бирге Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жэеригиликтүү бийлик өкүлдөрү Лейлек районунун чек арадагы айылдарында эл арасында көйгөлүү делген маселелер менен жеринде таанышышты.


Жумушчу топтун курамында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын жетекчисинин орун басары Ж.Асанкулов, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору Э.Джантаев, Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Н.Шерипов, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, Аялдар укугун коргоо боюнча БУУнун өкүлдөрү жана айыл чарба багытындагы көз карандысыз эксперттер бар.


Жумушчу топ Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада участкасы, Интернационал, Максат жана Жаңы-Жер, Борбордук айылдарын жеринен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп көйгөйлөрүн угушту. Ошондой эле Тажик, Кыргыз кагылышында талкаланган жеке үйлөрдүн жана соода түйүндөрдүн курулуш иштери менен таанышып, жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.Мындан сырткары Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Кулунду каналынын башкы суу бөлүштүрүү заборунун курулуш иштери менен таанышып, жергиликтүү жарандар менен пикир алышып, көйгөйлөрүн угушту.


Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ 4 күн бою Баткен облусунун район-шаарларында көйгөйлөрдү көрүп,эл менен жолугушуп,алардын сунуш,пикирлерин угат.
КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here