Кадамжай районунда жапайы кара куурайлар жок кылынды

0
1264

Кадамжай районунун Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери А.Масалиев айыл аймагында жайгашкан Кара-Дөбө, Лесхоз, Кожо айылдарына караштуу талаалар, жана үлүш жерлерде жапайы өскөн кара куурайды бригадалар менен биргеликте орушуп, өрттөп жок кылды. Мындан сырткары бул аймактарда мурда наркотикалык кылмыш менен соттолуп келип, каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кара куурай өскөн жалпы 4ГА жер аянты орулуп, жалпысынан 2тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.

Азыркы учурда Баткен облус аймагында МАК-2021 иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат. Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштөө тобун түзүп, иш алып барууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here