Баткен облустук ички иштер башкармалыгына Боронов дайындалды

0
1029

Баткен ОИИБнын өздүк курамына жаңы начальник, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович келди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Өмүрзаков Сүйүн Абдылдаевич бүгүн 15-февраль күнү Баткен ОИИБнын өздүк курамына жаңыдан дайындалган начальник, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович тааныштырып, жаңы жетекчи облусттук милициянын ишмердүүлүгүн ар тараптын чыңдоо максатында дайындалгандыгын белгилөө менен бирге, жаңы жетекчинин мындан аркы ишмердүүлүгүңө ийгиликтерди каалады.


Сүйүн Өмүрзаков жаны жетекчини тааныштырып жатып: “Баткен областтык милициясы коомдук коопсуздукту сактоодо өз милдеттерине так иш алып барды. Биздин эң негизги милдетибиз коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү болуп саналат. Бирок биз андан тышкары стратегиялык жактан чегара жакын аймактардын бири болгондуктан чек ара аймактарында да элдин тынчтыгын сактоо, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коңшу мамлекеттин биз менен чектешкен ички иштер кызматтары менен коомдук тартиптип сактоодогу бардык иш аракеттерди ишке ашырууда Баткен милициясынын орду жогору”,- деп баса белгиледи министрдин орун басары.
Ошондой саптык тизимге каз-катар турган өздүк курамга Баткен областтык милициясынын кызматкерлери башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын коопсуздугун коргоо багытында чек ара аймактарында жашаган калк менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырмаларын койду.


Баткен ОИИБнын мурдагы жетекчиси милициянын полковниги Мамасейитов Акылбек Садырбекович Ош ШИИБнин начальниги болуп дайындалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here